Ибн Хордадбек — Абу-л-Касым Убайдаллахибн Абдаллах (820–912) – Ирандан чыккан араб географы.

Анын «Китаб ал масалик ва-л-мамалик» («Саякат жана мамлекеттер жөнүндөгү китеп») аттуу эмгегинде Иран, Хорасан, Орто Азия аймактарына геогр. мүнөздөмө берилет, соода жолдору, маршруттардын багыты, киреше түшүүчү булактар, айыл-кыштактар сүрөттөлгөн.

Кыргыз жергеси ж-дө сөз козгоп, шаарлардын соода байланыштары, калк жашаган жерлердин аралыгы, аймактардын бөтөнчөлүктөрү ж-дө сөзболот. Анын ою б-ча, түштүк соода жолу Бухара, Замин, Аксыкет, Куба, Ош, Өзгөн, Атбашы, Жогорку Барскан (Ысык-Көлдүн түштүк тарабы), Чыгыш Түркстан аркылуу түндүк соода жолу Замин, Шаш (Ташкен), Исфижаб (Чымкен), Тараз (Жамбул), Мерке, Невакет, Суяб (Акбешим) ж-а Жогорку Барскан аркылуу өткөн. Орто ж-а Борб. Азиядагы түркий тилде сүйлөгөн элдер, а. и. кыргыздар (хиргиз) тууралуу да маалыматтар кездешет.

Анын бул эмгеги француз тилинде да басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б, 2003
  • (en) Clifford Edmund Bosworth, Ebn Kordadbeh, Encyclopædia Iranica, 8, New York, 1998 (Encyclopaedia Iranica Online).