Бул — сайманын бир түрү. Ийне сайма — жөрмөп саюу. Ичке ийне менен сайма сайса, сайым элпек кетет да, түшкөн көркөм көчөт ошончолук сыйда көрүнөт. Мыкты саймачылар учуктук жипти кыска сапташат. Бул ийнени сайып, учукту тартууда анча чубалжып чачышпайт. Адатта, жипти оң кол менен уч жагынан кармап, учуктун учун чыйратып, ийнени сол колдо учунан тутуп, өйдө маңдайга көтөрүп, ийне көзүнөн өткөрөт. Бул — учукту саптоо. Сайма саюуда оң колдо учуктуу ийне болот. Сол колго жердикти кармоо зарыл. Ийнени оң колдун үч манжасы (башбармак, сөөмөй, ортон) менен эптүү кармайт. Ал эми сайманын жердиги энине карата тизеге басып, сөөмөйгө ороп, атайын «алкакка» керип туруп да саюуга болот. Мына ушундай жолдор «сайма саюу» деп аталат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)