Ильич, Кемин району
Ильич, Кемин району - Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Ильич айыл округуна караштуу. Ак-Түз суусунун жана Бишкек Ак-Түз автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1605 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин шаарчасынан 37 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1043 (2007), 1194 (2009); негизинен мал жана дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП иштейт.
Ильич | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1929 |
Калкы | |
Калкынын саны |
1194 (2009) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5