Имам Аль-Бухари Бул имамдын толук аты-жөнү-Мухаммад бин Исма’ил бин Аль-Мужийра Аль-Бухарий Аль-Жу'фи; ал эми куниясы-Абу Абдуллах.
Имам Аль-Бухари хижраттан кийинки 194-жылдын шавваль айынын 11де жума күнү ухарада туулган. Ал наристе кезинде көзү көрбөй калган, бирок көп өтпөй апасынын түшүнө пайгамбар Ибрахим кирип: «Ай баланча, сен көп жалбарууларың менен Аллах улууңдун көзүн ачып койду» дейт. Аллах ага хадистерди эске тутуу жөндөмүн атаа кылган. Абу Хатим аль-Варрах Аль-Бухариден: «Сен хадистерди кантип үйрөнүп баштадың?» деп сураганда, ал минтип жооп берди: «Хадистерди жаттоо керектиги жөнүндөгү ой мага жаңы окуп баштаганымда эле келген, анда мен 10 жашта же андан да кичирээк жашта элем» дейт. Кийин апасы жана бир тууганы болуп Меккеге көчүп кетет, ал жердеги жашоодогу максаты сахабалар менен табиухадисндер жөнүндөгү маалыматтарды жана терди топтоо эле.
Аль –Бухарий (р.а) өтө уят-сыйыттуулугу, эр жүрөктүүлүгү, марттыгы, такыбалыгы, бул жалган дүйнөгө көңүл коштугу, акырет дүйнөсүнө умтуулусу менен айырмаланат. Ал көп убактысын, айрыкча Рамазан айында күндүзү намаз жана орозо, түнкүсүн намаз жана Куран окуу менен өткөргөн. Абу-Бакр аль-Багдадинин айтуусунда Масих бин Саид мындай деген: «Рамазандын 1-түнү башталары менен аль-Бухаринин үйүндө анын жоро-жолдоштору менен чогуулар эле жана алар менен ар ракааты 20аяттан турган намазды Куранды толугу менен аягына чыкканга чейин окуй турган». Андан тышкары Аль-Бухарий ар күнү ооз ачар мезгилге чейин Куранды толук окуп чыкчу» Куранды окуп бүткөндөн кийинки намаз жоопсуз калбайт» дечү.
Бир жолу намаз окуп жатканда аны аары чаккан. Намазын окуп бүтүп ал: Намаз убагында мени эмне кыжаалат кылды экен, карап койгулачы»-дегенде адамдар карашса, анын денесинде аары чаккан он жети из калган экен, бирок ошого карабастан намазын токтоткон эмес экен.
Хашид бин Исмаил мындай дейт: «Ал убакта Бухарий жаш бала эле, биз менен хадис билермандары делген ар түрдүү шейхтердикине барып, бирок алардын айткандарын эч жазып алчу эмес. Бир күнү биз ага: Сен эч нерсе жазбайсың, мунуң эмне? - деп жаалай баштадык. Арадан 16 күн өткөндөн кийин ал бизге «Чынын айтсам, силер көп сүйлөй берип, көкөйгө тийип бүттүңөр!!!» дегенде биз 15 миңден ашуундан хадис жазылган барактарыбызды алып чыктык, ал алардын баарын жатка айта баштады, биз болсо анын айткандарына карап жазууда кетирген каталарыбызды оңдой баштадык, дейт. Имам аль-Бухарий жөнүндө анын замандаштары болгон уламалардын көбү мактоо сөздөрүн айтышкан. Ат-Тирмизи айткан: «Ирахта, Харисанда тарыхты аль-Бухарийден жакшыраак билип, хадистерди жана анын иснаддарынын кемчиликтерин көбүрөөк түшүнгөн адамды көрө элекмин».

Имам Аль-Бухари китеби.jpg
Имам Аль-Бухари.jpg

Бир жолу Имам Муслим аль-Бухарийдин маңдайынан өөп, ага: «бутуңду да өбүүгө уруксат эт, эй устаттардын устаты, мухадистердин кемчиликтеринин шыпаакери»деген. Имам Бухарий көптөгөн эмгектерди жазып калтырган. Алардын ичинен эң маанилүүсү жана кеңири тараганы «Аль-Жамий ас-сахих» бул китепте Имам Бухарий ишеничтүү хадистерди гана камтыган. «Сахихти» жүзөгө алып келген негизги себеп-замандаштары тарабынан түзүлгөн жыйнактарда ишеничтүү хадистер менен ишеничтүүлүгү шектүү хадистердин да киргендиги. Андан тышкары имам Бухарийдин түшүнө өзү Л.С.А.Вдын алдында туруп, колундагы желпигич менен аны коргоп жаткандыгы кирет, муну ал пайгамбарыбызга (сав) жалганды жолотпоого буйрук катары жооруйт.
Имам Бухарийдин китеби Кудуреттүү жана улуу Аллахтын китебинен кийинки эң мыкты китеп болуп калды. Ал өз китебинин үстүндө 16 жыл эмгектенген.

Бул китеп жөнүндө акын мындай деген: Аль-Бухари «Сахихине» эгер калыс карасаң, аны алтын сыя менен жазуу гана жарашат. Адашууну болуп салып тура талим берүүдөн, жаш уланды сактайт ал бөөдө зыян көрүүдөн. Тикеленди бил китептин хадистери аркылуу, Таразасы дининин пайгамбардын кайрадан. Ага карап жашайт азыр араб эмес элдер да, Шексиз сактап бизди оттон, ак-караны тааныткан.


Өмүрүнүн аягында аль-Бухарий туулуп өскөн шаарынан Хартан кыштагына көчүп кетет. Ал жерде ал өз жакындарынын колунда Аллахтан өзүн алып кетүүнү күн сайын жалбарып дуба кылып жашаган. Ошондон кийин көп өтпөй ал ооруга чалдыгып, хижранын 256-жылында орозо айтына оогон түнү (башкача айтканда Рамазан айынын 30да) куптан маалы башталгандан кийин коз жумган. Анын жаназасы эртеси бешим намазынан кийин окулган.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү