Ингумация (лат. in-humo – жерге; in-humare – топурак менен жабуу, жерге берүү) – сөөктү көмүү каадасынын бир түрү. Маркумдун денесин жерге берүү каадасы алгачкы адамдар тарабынан мындан 90–80 миң жыл мурда аң-сезимдүү түрдө аткарыла баштаган. Евразияда мустье жана ортоңку палеолит доорунда көмүлгөн 60тан ашуун сөөк калдыктары бүгүнкү күндө белгилүү болду. Учурда жер шарынын элдеринде маркумдун денесин жерге берүүнүн көптөгөн түрлөрү менен салттары кездешет. Кыргызстанда атайын көмүлгөн сөөк калдыктарынын эң байыркысы азырынча коло доорунан тартып белгилүү.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.