Инновация (англ. innovatio жаңыруу, өзгөрүү) – конструкциялоого, өндүрүшкө же товар сатууга жаңы мамиле. Анын натыйжасында инвестор же анын компаниясы атаандаштарынын алдында артыкчылыкка ээ болот. Патентти пайдалануу менен ийгиликке жетишкен новатор убактылуу монополияны камсыз кылуусу мүмкүн. Инновация өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, продукциянын сапатын жакшырткандыктан, рыноктун аракетин күчөтөт. Инновация узакка созулуучу жана кымбатка туруучу процесс. Мисалы, ксерокөчүрмө 1948-жылы ойлоп табылган, андан берки 10 жылы техникалык иштеп чыгууларга арналып, ошондон кийин гана базарга аралашкан. Инновация жалпысынан экономикалык өнүгүүнү тездетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү