Интерсексуалдуулук (лат. inter - орто жана sexus - жыныс) - айрым жыныстуу особдордо эки жыныстын тең белгилеринин болушу. Бул жыныстык белгилер толук эмес өөрчүгөн болот, башкача атйканда орто - аралык мүнөздө болот жана алар особдордун денесинин белгилүү бөлүктөрүндө биргелешип байкалат. И-тун эмбрионалдык өөрчүүсү кадимкидей башталат, бирок белгилүү учурдан тартып, башка жыныстын өнүгүүсүндөй уланат. Өөрчүү канчалык эрте өзгөрсө, И. ошончолук кескин түрдө байкалат.

Генетикалык интерсексуалдуулук - кариотиптин же зиготанын четөөлөрүнөн пайда болот. Мында интерсексуалдуулуктун байкалышы же хромосомдук же гендик баланс менен аныкталат башкача атйканда жыныс хромосомдорунун санынын, аутосомдорго болгон катышы менен жана аларда жынысты аныктаган гендердин болушу менен чечилет.

Гормоналдык интерсексуалдуулук - айрым жыныстуу омурткалуу жаныбарларда ички секреция бездеринин бузулушунан пайда болот. Мисалы, омурткалууларда бөйрөк үстүндөгү без, гипофиз бези бузулганда, жыныс бездерин алып салганда, алмаштырганда жана башка

Колдонулган адабияттар түзөтүү