Иосиф Кабзон (тж 11-сентябрь 1937 Часов Яр, Сталин облусу, Украин ССРи, СССР30-август 2018, Москва) — Советтик жана Орусиялык ырчы. Коомдук ишмер жана мамлекеттик ишмер. Мамлекеттик Думанын II-VII чакырылыштарындагы депутаты[1].

Иосиф Кобзон
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Иосиф Давыдович Кобзон

Туулган датасы

11 -сентябрь 1937(1937-09-11)

Туулган жери

Часов Яр, Сталин облусу, Украин ССРи, СССР

Өлгөн датасы

30 -август 2018(2018-08-30) (80 жаш)

Өлгөн жери

Москва

Өлкө

 ССРС
 Орусия

Кесиптери

ырчы

Жанрлары

эстрада

Активдүү жылдары

19562018

Автографы

[[Файл:|80px}}]]

iosifkobzon.ru

Өмүр баяны түзөтүү

Иосиф Кабзон 1937-жылы 11-сентябрында Украинанын Донецк облусуна караштуу Часов Яр шаарында төрөлгөн. 1959-1962-жылдары Бүткүл союздук радио түйүнүндө эмгектенген. Андан кийин мамлекеттик концерттик уюмда ырчы болуп иштеген. Иосиф Кобзонго Бүткүл союздук атактуулукту "А у нас во дворе" деген ыры алып келген. Дал ушул жылы орусиялык эстрада артисттеринин сынагынын, Польшадагы эл аралык сынактын лауреаты болгон. 1963-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта вокал боюнча билимин алса, 1974-жылы Марксизм-ленинизм университетин бүтүргөн. 1984-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта эстрадалык вокал боюнча сабак бере баштаган. 1993-жылы профессор болгон. Ал эми 1973-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын мүчөсү, 1989-жылдын май айынан 1991-жылдын сентябрына чейин СССРдин Эл депутаты жана "Союз" депутаттык тобунун мүчөсү болгон. 1997-жылы Мамлекеттик Думанын депутаты болгон. 1999-жылдан тартып депутаттык топтун, партиянын мүчөсү катары Мамлекеттик Думанын II-VII чакырылыштарындагы депутаты. 2015-жылы Донецк Эл Республикасынын Эмгектин Баатыры, 2016-жылы Орусия Федерациясынын Эмгектин Баатыры деген жогорку сыйлыктарга ээ болгон.

  1. Иосиф Кобзон: актер бардык ырлар