Искандер Гайпкулов
Искандер Гайпкулов (төр. 25-март, 1966; Мангыт, Араван району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык жеке ишкер жана саясатчы. 2017-жылдын декабрь айынан тарта "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин алтынчы чакырылышынын депутаты[1].
Искандер Гайпкулов | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Партиясы: |
Ата-Мекен (2017 — а. у) |
Ишмердүүлүгү: |
ЖК-тин депутаты (VI чак. 2017 — а.у[1]) |
Аскердик наамы- запастагы подполковник.
Өмүр баяны
түзөтүүГайпкулов Искандер Төрөбаевич 1966-жылдын 25-мартында Ош облусунун Араван районунун Мангыт айылында туулган.
Эмгек ишмердигин 1984 –жылы Ош облусунун Араван райондук каржы бөлүмүнүн инспектору болуп баштаган.
1984-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун финансист адистиги боюнча бүтүргөн.
1996-жылы Алма-Ата шаарындагыМамлекеттик башкаруу Академиясынын экономист адистиги боюнча аяктаган.
1984-жылдан тартып 1986-жылга чейин СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн.
1990-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын системасында түрдүү жетекчи кызматтарын аркалаган.
1990-1991ж.ж.- Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынынбашкы мамлекеттик салык инспектору, 1991-1992ж.ж.- Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүм башчысы, 1992-1993 ж.ж.- Ош шаарынын Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары, 1993-1996 ж.ж.–Ош облусунун Араван районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси, 1996-1999ж.ж.- Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси.
1999-жылдын август айынан тартып декабрь айына чейин-Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары.1999-жылдын декабрь айынан 2002-жылга чейин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-Акими.
2002-2004 жылдары- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлчүлүктүн катчылыгынын эксперти, түштүк региону боюнча өкүлү.
2004-2005 жылдары -“Инвестициялык төгөрөк стол” коомдук бирикмесинин түштүк региону боюнча эксперти .
2005-2007 -жылдарыКыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин IIIчакырылышынын депутаты.
2007-2010 жылдары- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы .
2011-жылдан 2013-жылга чейин - "РСК Банк" ААКнын Башкармасынын төрагасы.
2013 жылдан 2015 жылга чейин -жеке ишкер.
2015-жылдын январынан тартып 2017 жылдын декабрына чейин - "Аймактык саясат институту" мамлекеттик эмес билим берүү мекемесининБорбордук Азия боюнча филиалынын Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору.
2017-жылдын декабрь айынан "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин алтынчы чакырылышынын депутаты[1].
Сыйлыктары жана Наамдары
түзөтүү- 1999- жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы,
- 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардак наамы менен сыйланган.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2 класстагы мамлекеттик кенешчиси . Биринчи даражадагы салык кызматынын кеңешчиси.
Жеке Жашоосу
түзөтүүҮй-бүлөлүү. 4 баланын атасы.
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 1.2 Гайпкулов Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген жаңы депутат Искандер Гайпкулов ант берди. Super.kg. Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018.