Мангыт
(«Мангыт, Араван району» барагынан багытталды)
Мангыт — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Араван районундагы айыл. Мангыт айыл округу составына кирет. Карл Маркс атындагы айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 900 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 14 км түндүк тарапта. Ош темир жол станциясынан 41 км. Калкы 2271 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, төрөт үйү, маданият үйү, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары иштейт.
Отурукташкан жай
Мангыт
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 2 271 киши.[1]
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7