Исмаилбек Таранчиев
Таранчиев Исмаилбек (6. 4. 1923, азыркы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн району, Беш-Күнгөй кыштагы – 18. 3. 1944, Эстония, болжол менен Синимяэ, Ластиколония району) – Советтер Союзунун Баатыры (1991, өлгөндөн кийин), кенже лейтенант.
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүүКызыл Армиянын катарына 1941-жылы чакырылып, Чкалов атындагы аскердик авиациялык мектепти бүтүргөн (1943).
Согушка 1944-жылдан кирип, 566-чабуул коюучу авиация полкунда (Ленинград фронту, 13-аба армиясы, 277-чабуул коюучу авиация дивизиясы) кызмат кылган.
Таранчиев согушта 36 жолу учуп, 1944-жылы 26-февралда Тарту (Эстония) аэродромуна чабуул коюу учурунда душмандын 3 самолётун жок кылган.
18-мартта күйүп жаткан Ил-2 самолётун душмандын топтолгон танктарын көздөй багыттап, катуу жоготууларга учуратып, баатырларча курман болгон.
Сыйлыктары. Наамдары
түзөтүүЛенин, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.
Ал 1991-жылы 5-майда "Советтер Союзунун Баатыры" наамына (өлгөндөн кийин) ээ болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАнын ишмердигин тарыхчылар Назарбек Түнтеев, Нарынбек Алымкулов ж.б. чагылдырышкан.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9