Исмаилилер - Араб халифатында 8-кылымдын орто чениндө пайда болгон шейиттик секта.

Ал шейиттердин 6-имамы Жафардын түн уулу Исмаилдин ысымы менен аталган (ал закондуу 7-имам деп эсептелген). Исмаилилер неоплатонизм менен буддизмдин таасиринде диний-философия окууну иштеп чыккан.

Исмаилилер жети пайгамбарды (Адам, Ибраим, Нух, Муса, Иса, Мухаммед жана Исмаил) «дүйнөлүк акылдын» туундулары, ал эми имамдар болсо «дүйнөлүк жандын» жердеги адам кейпин алган көрүнүштөрү деп эсептешкен. Алар буддизмден «жандын кубулуп көчүшү» жөнүндөгү идеяны кабыл алып, Мухаммед менен Аалынын жаны Исмаилилер дин имамдарына көчкөн деген ишенимде болушкан. Исмаилилер дин кожолору ислам тараган өлкөлөрдөгү эзилген дыйкандар жана кол өнөрчүлөр арасында үгүт жүргүзүп, аларды өз сектасына тартышкан. Алар элдин саясий-социалдык нааразылыгын пайдаланып, айрым өлкөдө мамлекеттик бийликке ээ болушкан.

Секта фатимилер, карматтар, ассасиндер, низарилер, мустилилер деген агымдарга бөлүнгөн. Азыр Исмаилилердин көбүн низарилер түзөт. Низарилер Пакистан, Индия, Иран, Ирак, Сирия, Афганистан, Кытай,Бирма, Египет менен Чыгыш Африканын бир катар өлкөсүндө бар.

Исмаилилерлердин ишенимин туткандар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономия областында да жолугат.

Дагы кары түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.