Ичке-Жергез
Ичке-Жергез — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айыл. Боз-Учук айыл аймагына кирет.
Айыл
Ичке-Жергез
|
Ичке-Жергез суусунун боюнда, Тескей Ала-Тоонун Түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1880 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 245 км. Калкы 1725 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Дарыкана, ФАП, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ж. Үмөтов туулган.
Калкы
түзөтүүКалкы ― 1913 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.