Ички түздүктөр
Ички түздүктөр – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү түздүктүү табигый өлкө. Бразилия бөксө тоосу менен Анд тоолорунун аралыгындагы (Түштүк кеңдиктин 10°нан 39°на чейин) тектоникалык ийилүүдөгү Маморе, Пантанал, Гран-Чако, Экисуу арасы жана Пампа аккумуляциялык түздүктөрүн камтыйт. Батышынан Анд тоолору, Пампа сьерралары, түштүгүнөн Патагония менен чектешет. Бийиктиги чыгышында 50–70 мден батышында 500–600 мге чейин. Көбүнчө кайнозойдун делювий-аллювий чөкмөлөрүнөн туруп, анда өтө катуу тектер 1200–1400 мге чейин көтөрүлүп жатат; түштүгүндө лёсс кеңири таралган. Ландшафтына түндүгүндө субэкватордук саванна токою жана саванна, борбордук бөлүгүндө тропиктик сейрек токой, түштүгүндө субтропиктик саванна, прерия жана талаа мүнөздүү. Парагвай, Парана дарыясын бойлой саздак токой тилкеси созулуп жатат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5