Ренаттын картасы – XVIII-кылымдын биринчи жарымына тиешелүү Жуңгария менен Чыгыш Түркстан жана ага чектеш жайгашкан аймактардын картасы. Анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагы да толук берилген. Картаны Европага 1716-жылдан 1733-жылга чейин калмактардын колунда туткунда жүргөн швед (артиллерия сержанты) Иоганн Густав Ренат алып барган. 1879-ж. аны Линчёпинг шаарындагы (Швеция) королдук китепканадан китепкана кызматчысы Г. Стриндсберг таап алган. Бирок ал картанын накта өзү эмес, Ж. Бенцельштерн тарабынан 1738-ж. көчүрүлгөн көчүрмө болуп эсептелет (төмөн жагынын сол тарабында «Copierad af J. A. Benzelstierna ar 1738» жазуу турат). XVIII-кылымдын башынан орус өкмөтү Азиядагы табигый кендерди Европага сатуу саясатына көңүл бөлө баштаган. Ошол кездеги Сибирде губернатор болуп кызмат кылган (1708–1719) князь М. Гагарин Чыгыш Түркстандагы Жаркент (орус көрсөтмөлөрүндө «Эркети») шаарынын айланасындагы кумдуу талаада уюган алтын кени бар деген маалымат тараткан. Ага ишенген орус падышасы Пётр I Иртыш дарыясынын башын белгилеп, согуш аракетин улантууга ыңгайлуу чеп куруу үчүн 1715-ж. подполковник Бухгольц башындагы 3 миң кишиден турган аскер экспедициясын аткарган. Алар Жамыш көлүнө жакын жерге чеп кура баштаган, бирок 1716-ж. февралда калмактардын курчоосунда калып, көбү туткунга түшкөн. Алардын ичинде мурун Полтава алдындагы орус-швед салгылашуусунда [Полтава салгылашуусу, 27-июнь (8-июль) 1709-ж.] орус аскеринин колуна түшкөн Г. Ренат да болгон. Г. Ф. Миллердин маалыматы боюнча «Ренат калмактарга темир ээритүүнүн жаңы ыкмасын, ж. б. пушка куюп, ок-дары, бомба жасоону, китеп басып чыгаруу, кездеме токууга үйрөтүп, сан жеткис алтын-күмүш топтогондон кийин, Россия аркылуу өз өлкөсүнө кайтып кеткен». Ренаттын картасы 45тен 40ка чейинки түндүк кеңдик, 98тен 107ге чейинки чыгыш узундугун, б. а. 5°тагы кеңдик, 9°тагы чейинки узундукту кучагына алган аймакты камтып, анда 250дөн ашык географиялык аталуулар жолугат. Бирок, картаны так түшүрүлгөн деп айтууга болбойт. Мисалы, азыркы Семей шаары 50 1/2° түндүк кеңдикте жайгашса, Ренаттын картасында ал жер 45°, Котон шаарыныкы 37° (түндүк кеңдик) болсо, ал 41°ка жылып, 107° чыгыш узундуктагы Турпан шаарынын орду 105°та көрсөтүлгөн. Текес тоосунун чокулары Уч (Utz) шаарынан бир топ батышка жылып кеткен. Аны менен катар географиялык аталуулар да ар түрдүү тыбыштар менен берилип калган. Мисалы, Жыргалаңды – «Sirgalang» же «Schirgalang», ж. б. «Chara» же «Schara», «Sagan» же «Zagan», «usun» – «usum» же «ussun» деген көрсөтүүлөр жолугат. Кээ бир жеринде тамгалардан кеткен ката да бар. Мисалы, Жылдыз өзөнү «Soltoes», б. а. окшоштугуна байланыштуу «J» тамгасы «S» менен жазылган. Ал эми, Иленин оң жээгиндеги суулар; Бөйөн – «Boem», Быжы – «Byegye» деп окулат. Чүй суусу Кеминден башталат, б. а. картаны түшүргөн адам бул жерлерде эч качан болбогону билинип турат. Мындай кемчиликтерге карабай, XVIII-кылымдагы Жуңгар хандыгы жана казак менен кыргыздын тарыхын тактоодо баалуу маалымат булагы болуп саналат. Калмактардын ээлиги Балхаш көлүнүн батыш булуңунан түз Чүй суусуна өтүп, Чүйдүн жээгинен түштүктү карай имерилип, болжол менен Корготу суусун бойлоп, Суусамыр аркылуу Ат-Башы суусунун Нарын дарыясына куйган жеринен Кашкар шаарына карай чектелген. 1743-ж. жуңгар ханына элчиликке барган майор Миллер да өзүнүн картасында («Миллердин ланкартасы») Чүй суусунун аягы, Корготу суусунун куймасына жакын, Ит-Кечүүдө душманынан коргонуу үчүн калмактардын чеби турганын көрсөткөн. Казактардын ордосу (Kasaksi Horda) Балхаш көлүнүн түндүк-батышы, Чүй суусунун түндүгүнөн ары Сары-Суунун башында жайгашса, «бурут-кыргыздар» (Bruther Kirgiser) Сыр-Дарыянын оң жээги, Бухара (Bucha Rer) менен чектешип турган учуру көрсөтүлгөн. Мындан тышкары картада Талас суусунун сол куймасынын биринен (Үрмарал, же Күмүштак) баштап, түштүк-батышты карай Самарканд шаарынын түштүгүнө жакын Кара-Тегин, Гиссарды карай өткөн чекитче менен көрсөтүлгөн сызыкча берилген. Кыргыздар ошол сызыкчанын ичинде жайгашкан. Анын мааниси окумуштуулар тарабынан чечиле элек.

Ренаттын картасы

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.
  • Златкин И.Я. История Джунгарского ханства. М., 1964.
  • Ханыков Я. В. «О карте Миллерова маршрута от Орска до зюнгарских владений и обратно» //Географические известия, 1850 г.
  • Миллер Г. Ф. История Сибири. Т. I (М.-Л., 1939; 1999), II (М.-Л., 1941; М., 2000), III (М.,2005).