КЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.


КЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.

"кыргыз» этнониминин алда канча байыркы мезгилдеги эскерилиши, кытай тексти Шицзиде, анын гуннулардын шанүйү Мао-Тундун жортуулу жөнүндө айтылган бөлүгүндө учурайт. Текстте мындай деп айтылат: «... андан кийин алар (гуннулар) түндүктө Хуньюй, Цзюй-ши, Динлин, Гэгунь жана Цайли ээликтерин баш ийдирди. Ошондуктан гунну аксакалдары (дачэнь) менен жакшылары (Гуй-жэнь) шанүй Мао-Тунга багынышып, аны акылман деп табышты». Андан ары мындай делинет: «...ошол учурда» (201-ж. көрсөтүлөт) жана андан ары биздин темабызга тиешеси жок окуялар жөнүндө баяндалат. Жогоруда келтирилген үзүндүнүн Шицзи текстинде алган ордуна караганда окуя 201-жылы болгон деп белгиленүүгө тийиш. Бул адабиятта да орун алып, «кыргыз» термининин «гэгунь» формасында эң байыркы мезгилдеги эскерилиши б.з.ч. 201-ж. таандык деп эсептөө кабыл алынган. Бирок бул анчалык так эмес. Текстте дата окуя баяндалгандан кийин коюлган жана ал кийин гуннулардын Түндүк Кытайдын чектеринде жүргүзгөн аракеттери менен байланышкан. Эгер ушундай болсо, анда окуянын дал 201-ж. орун алганына толук ишеним жок. Эгерде, ал окуянын 201-жылга тиешеси жок болсо, анда, ал эң болбогондо 209-жылдан кийин орун алышы мүмкүн, анткени биз азыр талдап жаткан темадан мурдагы окуялардын датасы 209-ж менен белгиленген. Ошондуктан, кыргыздар жөнүндөгү эң алгачкы эскерүү б.з.ч. 209-жылдан кийинки мезгилге таандык деп айтса болчудай. Эми арасында кытай транскрипциясындагы «кыргыз» эскерилген беш этнонимди талдоого өтөлү. Хуньюй уруулары, сыягы, Түндүк Моңголиянын, а мүмкүн Забайкальенин тургундары болсо керек. Алсак, алар кийинчерээк хунь (мунун хуньюй менен байланыштуу экенинде шек жок) формасында гуннулар бирикмесинин түпкү урууларынын бири катарында эскерилет. Цзюй-ши этнонимин талдоо көрсөткөндөй, бул аталыш жазылган иероглифтер байыркы учурда «кыйчак» деп окулган, бул «кыпчак» деген түрк этнониминин кытайча транскрипциясы экени шексиз. Ал кезде байыркы кыпчактар, калыбы, Енисейден алыс эмес аймакта мүмкүн Алтайда турушса керек. Алардын, өң-түспөлүнүн байыркы кыргыздарга окшоштукка ээ болгону кокустук эместир; бул өң-түспөл орто кылым авторлорун дайыма кызыктырып келген. Тексттен көрүнүп тургандай, бул урууларга жакын жерде жашаган синли (цайли) урууларынын абалы таптакыр белгисиз. Бизге, Забайкалье аймагында, ошол доордо жашаган уруулар жөнүндө башка бир кытай булактарынан белгилүү болгондуктан, алар менен бирге Батыш Алтай уруулары да болгон, мүмкүн алар Эртиш бойлорун мекендеп турушса керек деп болжолдоо туура болор эле. Динлин жана гэгунь деген дагы бир эки уруу аталыштарын талдоого өтөлү. «Динлин» аталышынан кытайлар кайсы элди билишкен деген суроого жогоруда жарым- жартылай токтолуп өткөнбүз. Сыягы, сөз Енисейлик уруулар да ичине кирген бүткүл түндүк уруулары жөнүндө болуп жатса керек. Енисейлик уруулардын ичинен бул жерде гэгунь же цзянь-кунь гана аталган. Бул аталыш Енисей менен Орхон дарыяларынын байыркы аталыштарынын транскрипциясы болуп саналат. Бул уруунун Енисейдин жогорку тарабында орун алганы айдан ачык көрүнүп турат, б.а. Енисейлик уруулардын ичинен алар бир кыйла түштүгүрөөктө жашаган, демек, гуннуларга бир кыйла жакын жайгашып, аларга тааныш болгон. Ал гана эмес, ошол эле кытай булактарынан белгилүү болгондой, «гэгунь» деген ат менен, сыягы, бүткүл түштүк динлин уруулары түшүнүлсө керек. Бул жөнүндө кийинки бир кызыктуу факт айгинелеп турат. Б.з.ч. 99-ж. гунну шанүйү (беги) Цзюй Ди-хэу кытай колун талкалап, кытай кол башчысы Ли Линди туткундап алат. Ага мунапыс берип, «шанүй Ли Линге тийиштүү урмат-сый көрсөтүп, аны өзүнүн кызына үйлөндүрөт». Башка бир кытай булагындагы маалыматка караганда булакта Хакас деп айтылган кыргыздардын аймагын ээликке берет. Хакас жериндеги Ли Лин жашап турган жайдын так орду жөнүндө ошол учурда Ли Линге келип жолугуп кеткен анын досу Соувунун айтканына караганда ал Бэйхэй көлүнүн жээгинде жашап турган. Бэйхэй бул Байкал көлүнүн кытайча аталышынын эле дал өзү, которгондо «Түндүк деңиз» дегенди билдирет. Төмөндө, биз кийин кыргыз мамлекетинин чек аралары жөнүндө сөз кылганыбызда кыргыз мамлекетинин эң четки чыгыш чек арасы Байкалга жетип турганын билдирген фактыга туш болобуз. Жогоруда айтылгандардан мындайча жыйынтыкка келүүгө болот: сыягы, Жогорку Енисейден тартып, Тувадан Байкалга чейинки аймакты кыргыз уруулары жердеген, ал эми алардын түндүгүндө динлиндер жайгашкан. Азыр эле биз эскерип кеткен гэгундар динлиндер сыяктуу эле гуннулар тарабынан каратылып, бул саясый окуянын натыйжасында бир кыйла кызык этностук процесстер болуп өткөн. Гэгундардын гуннулар менен байланыш-алакаларынын күч алышы табигый түрдө эндогамянын бузулушуна алып келген; бул болсо этностук жактан ар түрдүү болгон уруулардын өкүлдүгүнүн ортосунда никелешүүгө мүмкүнчүлүк ачкан. Натыйжада бул эки башка типтеги уруулардын аралашуусуна алып келген; бул аралашуу жөнүндө кытай булактарында мындай бир кызыктуу кабар жазылып калган. Ал булактарда VI—IX кылымдардагы кыргыздар жөнүндө сөз болот: «Адамдары жалпысынан бойлуу келет, чачы сары, кызгылт жүздүү, көк көз. Кара чач жакшы жышаан катары эсептелбейт, ал эми сургулт кара көздүүлөр Ли Линдин тукумдары деп эсептелинет». Бул келтирилген үзүндү өтө кызык. Эгерде «кара чач жакшылыктын белгиси катары эсептелбесе..., анда эндогамия жөнүндөгү эски түшүнүктөр сыягы, өз маанисин али жогото элек болсо керек. Ал эми сургулт кара көздүүлөрдүн Ли Линдин тукумдары деп аталышканы да кызык. Уламыштарга караганда, кытайлар байыркы кыргыздардын расалык тибинин өзгөрүшүн Ли Лин менен байланыштырышат, ал эми чындыгында, сөз гэгундардын Борбор Азия уруулары менен жапырт аралашуусу жөнүндө бара жатат. Келтирилген фактылардан көрүнүп тургандай, гэгундар башка уруулар менен аралашканга чейин, эң болбоду дегенде, раса жагынан динлиндерге таандык болгон жана биз жогоруда көрсөткөндөй маданияты жагынан алардан айырмаланган эмес. Бирок б.з.ч. III к. аягы ченде алар динлиндерден айырмаланып, башка этнонимди алып жүргөн, демек, ошол маалда алар жалпы динлин уруулар союзунун курамындагы өз алдынча уруу болгон.