"Каардуунун тагдыры" (англ. The Fate of the Furious, орус. Форсаж 8) (Ылдам жана каардуу 8, Ылдам 8 жана F8 деп да кыскартылып колдонулат) — Американын 2017-жылдагы экшн тасмасы. Режиссеру Ф. Гэри Грэй, сценарийдин автору Крис Морган. Бул "Ылдам жана каардуу" франшизасынын сегизинчи сериясы. Тасмада тартылгандар Вин Дизель, Дуэйн Жонсон, Жейсон Стэйтем, Мишел Родригес, Тайриз Гибсон, Крис Брижес, Скотт Иствуд, Натали Эммануэл, Элза Патаки, Курт Рассел жана Шарлиз Терон. "Каардуунун тагдырында" Доминик Торетто (Дизел) аялы Летти (Родригез) менен жайлашып алган болот. Анан эле кибертеррорист Сайфер Доминикти өз тобуна каршы буруп, өзү үчүн иштөөгө мажбурлайт. Бул Доминиктин тобу аны таап Сайферди жок кылууга түртөт.

"Каардуунун тагдыры" бул франшизадагы Жордана Брүстер[3] менен Пол Уокер катышпаган алгачкы серия. Уокер акыркы жолу "Ылдам жана каардуу: Токио дрифтинде" (2006) тартылган болчу, андан кийин ал 2013-жылдын 30-ноябрында "Каардуу 7ни" (2015) тартуу учурунда унаасы кырсыктап каза болгон.[2] Уокер каза болгондон кийин 7-серияга сценарий кайра жазылып, сюжеттик линия эки каармандын тең образдарын соңуна чыгарган.

Сегизинчи серияны тартуу пландары тууралуу 2015-жылдын март айында Дизель "Жимми Киммель түз эфирде!" берүүсүнө келгенде жарыяланган жана тасма Нью-Йорк шаарында тартылаары айтылган. "Каардуу 7" чыгаары менен тасма тартууга даярдыктар көрүлө баштаган. Дизел, Морган жана продюсер Нил Х. Мориц кайра кол коюшкан. Кастинг 2015-жылдын апрель айынан июнь айына чейин болгон. Ошол эле жылдын октябрь айында Грэй мурдагы сериянын режиссеру Жэймс Вандын ордуна тасмага режиссерлук кылаары айтылган. Негизги тасма тартуу иштери дүйнөнүн ар кайсы экзотикалык жерлеринде тартуу боюнча франшизалык салтты карманып 2016-жылдын март айында Миватн, Гавана, Атланта, Клевеланд жана Нью-Йорк шаарында башталган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү