Кабак (айыл)

Кабак, Жети-Өгүз району‎»‎ барагынан багытталды)

КабакКыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Жети-Өгүз районундагы айыл. Жети-Өгүз айыл округу составына кирет. Ысык-Көл өрөөнүндө, Жети-Өгүз суусунун төмөнкү агымынын чыгыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1655 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 210 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1129 (2008); негизинен мал менен алектенип, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры С. Эшенова туулган. Кыштактын аты кыргыздын кабак уруусу менен байланыштуу.

Отурукташкан жай
Кабак
Район Кыргызстан
Координаттар 42°29′26″ с. ш. 78°09′23″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 135 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Кабак (айыл) (Кыргызстан)

Калкы түзөтүү

Калкы - 1 135 киши. (2009)[1]

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.

Колдонулган адабияттар түзөтүү