Кадугли-кронго (өз аты — тумтум) — Суданда жашаган эл же кордофан элдердин тобу (кадугли же ка-далла, каронди, кача, кронго, кейга, мири, тулеши, тумтум). Кордофан платосунун түштүк-батышында жашашат.
Саны 200 миң адам.

Тил

Кордофан тилдеринде сүйлөшөт. Араб тили кеңири таралган.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр).

Чарбалык иштер

Малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал, жылкы) жана кол менен иштетилген террасалык жер чарбасы (таруу, сорго, жүгөрү, ашкабак, кунжут, пахта, буурчак өсүмдүктөр) менен алектенишет.
Эркектер жерди иштетишет жана малды жайышат. Аялдар жемиштерди жана гуммиарабикти чогултушат.

Кол өнөрчүлүк

Жез жана күмүш менен чеберчилик иштөө.
Карапачылык.
Рельефтүү булгаарыдан, жыгачтан жана сөөктөн буюмдарды жасоо (анын ичинде айкелдер) кеңири таралган.

Кийим

Эркектер кең ак шым, туника көйнөк кийишет. Аялдар көйнөк кийишет, ар кандай формадагы металлдан жасалган зер буюмдарды тагынганды жакшы көрүшөт.

Турак жай

Сокмо (чоподон) там тегерек формада. Чатыры камыштан же самандан жасалган.

Коом

Уруулар, алардын бөлүктөрү, уруктары, айыл жамааттары, патриархалдык үй-бүлөлөр сакталган. Уруктун башында аксакал турат. Түштүктө туугандык эсеп энелик, түндүктө — аталык (арабтардын таасири).

Маданият

Материалдык маданияты башка кордофан элдери менен бирдей.

Булактар түзөтүү