Кадыров Касым (1925, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы - 1994, Каракол шаары) – машина айдоочу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1941-жылдан Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында тракторчу болуп иштеп баштаган. Ата Мекендик согушка катышкан. 1950-жылдан Караколдогу жүк ташучу автобазанын, Ысык-Көл автотрестинин айдоочусу. Жүк ташууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Ленин, Октябрь Революциясы, 2жана 3-даражадагы Эмгек Даңкы ордендери менен сыйланган.

1970-74-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Список депутатов Верховного Совета СССР VIII созыва