Казакстандын парламенттик шайлоосу 2016
Казакстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 3 саясий партия 7 пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жетти.
"Нур Отан" партиясы добуштардын басымдуу бөлүгүн топтоп, биринчи орунда турат. Казакстандын коммунисттик эл партиясы жана "Ак жол" партиясы 7 пайыздык босогодон араң өткөнү байкалууда. Ал эми калган 3 партия бул парламентке өтүүгө керектүү көлөмдөгү добуштарды топтой алган жок.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй:
- "Нур Отан" партиясы - 82 пайыз;
- "Ак жол" демократиялык партиясы - 7,22 пайыз;
- Коммунисттик эл партиясы - 7,17 пайыз;
- "Ауыл" Элдик-демократиялык патриоттук партиясы - 2,05 пайыз;
- Социал-демократиялык жалпы улуттук партия - 1,21 пайыз;
- "Бирлик" партиясы - 0,35 пайыз.
"Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 9 миллион 791 165 адам кирген. Шайлоого 7 миллион 500 миңге жакын жаран катышты"