Казан-Куйган
Казан-Куйган — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Казан-Куйган айыл аймагына кирет.
Айыл
Казан-Куйган
|
Кара-Кужур суусунун боюнда, тоо этегинде, деңиз деңгээлинен 2255 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 38 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 142 км. Кыштак 1915-ж. негизделген. Калкы 1070 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенип, тоют белендөөдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, оорукана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, 2 тегирмен, мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.
Калкы
түзөтүүКалкы ― 1033 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5