Каз тамандар (лат. Geraniaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Бир же көп жылдык чөп, чанда чала бадал же майда, калың жалбырактуу бадал. Көбүнчө мелүүн алкактарда таралган. Бир жылдыктарынын ичке өзөк тамыры болот. Талаада, чөлдө өскөн көп жылдыктарынын түймөк тамырында азык зат сакталат. Токойдо, шалбаада өскөндөрүнүн тамыр-сабагы жакшы өөрчүгөн, кошумча тамырлары бар. Сабагы тик өсөт, жалбырагы жөнөкөй же татаал, сабакка кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү кооз, кызыл же кызыл көк, эки жыныстуу, 5 мүчөлүү. Мөмөсү урукча. 10дой урууну, 800гө жакын түрдү камтыйт. Эң чоң уруусу каз таман (400 түрү бар), пеларгония (250 түр) ж. б. Алар Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказ, Европа, Африка жана Борбордук Азияда таралган. Кыргызстанда каз таман, пеларгония ж. б. урууларынын 19 түрү өсөт. Кызгылтым пеларгония эфир майын алуу үчүн өстүрүлөт. Каз тамандардын жалбырагынан, гүлүнөн алынган май парфюмерия, самын, тамак-аш өнөр жайыннда кымбат баалуу роза майынын ордуна пайдаланылат. Пеларгониянын бир нече түрү үйдө жана гүльзарларда кооздук үчүн өстүрүлөт.

Geranium rotundifolium.

Колдонулган адабияттар түзөтүү