Кайрагач-Арык, Араван району
Кайрагач-Арык — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Араван районундагы айыл. Нурабад айыл округу составына кирет.
Отурукташкан жай
Кайрагач-Арык
|
Деңиз деңгээлинен 640 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 15 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 36 км. Калкы 2801 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, чайкана иштейт.
Калкы
түзөтүүКалкы - 2 926 киши. (2009)[1]
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5