Кайырма, Базар-Коргон району
Кайырма — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Акман айыл аймагынын курамына кирет. Ош Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 23 км. Кыштак 1900-ж. негизделген.
Отурукташкан жай
Кайырма
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 2574 киши (2023-жылы)[1]; негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «Кайырма» аталып калган.
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5