Кайырма-Арык
(«Кайырма-Арык (Ак-Суу району)» барагынан багытталды)
Кайырма-Арык (кырг. Кайырма-Арык) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ак-Суу районундагы айыл. Кереге-Таш айыл округу составына кирет.
Отурукташкан жай
Кайырма-Арык
|
Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Ак-Суу жана БозУчук сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 1840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) кыштагынан 12 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 249 км. Калкы 1193 (2009); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар[2].
Калкы
түзөтүүКалкы - 1 348 киши. [1]
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5