Калмаматов Бактыбек Орозалиевич
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич (20-январь, 1984, Совет айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2010-2015).
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
10 октябрь 2010 — 4 октябрь 2015 | ||||
Жарандыгы: | Кыргызстан | |||
Дини: | Ислам | |||
Туулган жери: | Совет айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргыз ССРи | |||
Билими: | Ош Мамлекеттик Университети | |||
Өмүр баяны
түзөтүү1984-жылдын Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Совет айылында туулган.
Билими
түзөтүү1990-2001 жж. – Кадамжай райондук мектеп-лицейи
2001-2006 жж. – Ош Мамлекеттик Университетинин Чет тилдер факультети
Ишмердүүлүгү
түзөтүү2005-2006-жж. Жаштар Комитетинин төрагасы
2007-2010-жж. «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынын Ош облусу боюнча координатору болуп келген.
2010-ж. октябрь айында «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2010-2012-жж. Жогорку Кеңештин Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрайымынын орун басары.
2012-2015-жж. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2010-2015-жж. Ажылыкты уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерди текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы.
Кошумча маалымат
түзөтүү“Жогорку Саясий Мектеп – ЖСМ” окуу борборунун түптөөчүсү
“Биз Барбыз” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү
Булактар
түзөтүүКыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин расмий сайтынын архиви Archived 2011-08-12 at the Wayback Machine