Калмырза Сарпек уулу — Төкмө акын. Ал 1866-жылы азыркы Чүй районундагы Он бир Жылга айлында туулган. Сарыбагыш уруусунун чертике уругунан. Ал салттуу мактоо, кордоо ырларын көп жараткан; жамакты жамгырдай төгүп, чоң аш, тойлордо жар чакырган; көп акындар менен айтышкан. Айтыш өнөрүнүн устаты болгон. Калмырза 1910-жылы Жумгалда дүйнөдөн кайткан.

Калмырза Сарпек уулу (1866, азыркы Чүй району, Онбиржылга айылы–1910, Жумгал өрөөнү, Түгөлсай айылы) – төкмө акын. Сарыбагыш уруусунун чертики уругунан. Ал салттуу мактоо, кордоо ырларын көп жараткан, жамгырдай төгүп ырдаган. Аш, тойлордо жарчы болгон. Ал чын ниети менен ырдаганда, ырдын объектиси болгон адамды чегине жеткире мактап же кордогон. Анын акындык өнөрүнүн мындай өзгө-чөлүгүн Шабдан Жантай уулун бир нече жолу мактап ырдаганында көрүнгөн. К-нын 1904-жылы Шабдан Мекеге ажыга жөнөгөндө узатып жана кайтып келгенде куттуктап ырдаган ырлары элге кеңири таралган. Анын 19-кылымдын 2- жарымындагы кыргыз элинин социалдык турмушун даана сүрөттөгөн ырлары 20-кылымдын 90-жылдарына чейин изилденбей келди. К. ырларында турмуштагы чындык фактыны көркөмдөштүрүүдө фольк-лорго мүнөздүү апыртуу ыкмасын көп колдонгон. Ошентсе да, ырларында Шабдан жана башкалар кыргыз инсандарынын эл кишиси экендигин ачып бере алган. К. кыргыз оозеки поэзиясында айтыш өнөрүнүн чоң устаты, көрүнүктүү өкүлү болгон. Чыгармачылык өмү-рүндө көп акындар менен айтышкан. Чүй, Талас өрөөндөрүн, Казакстандын Олуяата, Мерке тарабын, Кыргызстандын түштүгүн кыдырып, калкка кеңири таанылган. Ал Чоңду, Көчүбай, Найманбай, Барпы, Сарбас, Эшмамбет сыяктуу акындар менен айтышкан. Айрыкча анын Найманбай жана Куйручук менен айтышканы калкка кеңири маалым. Ал 1910-жылы Жумгалга барып, болуштук тала-шууда Көкүмбайдан жеңилип калган саяк уруусунун манабы Курманды кордоп ырдаган. Жумгалда Курмандын буйругу менен киши колдуу болуп каза тапкан. К-нын кыргыз манаптары Көкүмбай менен Курмандын, Турумбек м- н Мамбетаалынын болуштук талашуудагы туура эмес иштерин мыскылдап ырдаган ырларынын айрым үзүндүлөрү Кыргыз Республиканын УИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Айрым шилтемелер түзөтүү