Калып:Бүгүн:02-3
- 1855-жылы — Орус империясынын башчылыгына Александр II келген.
- 1863-жылы — Америкалык жазуучу, журналист Сэмюэл Ленгхорн Клеменс кезектеги аңгемесин гезитке жарыялап жатып Марк Твен деген каймана атты колдонгон.
- 1867-жылы — Император Мэйдзи атыккан он беш жаштагы Муцухито Жапониянын императордук тагын ээлеген.
- 1916-жылы — Оттавада Парламенттик холм күйүп кеткен (сүрөттө.).
- 1956-жылы — Фрунзе шаарында орун алган темир бетон иштетүү ишканасы алгачкы жолу көп кабаттуу үйлөргө колдончу бетон плитаны чыгарган.
- 1958-жылы — Бельгия, Нидерланддар жана Люксембург Бенилюкс уюмуна биригишкен.
- 1959-жылы — Авиакырсыкта рок-н-роллдун жылдыздары Ричи Валенс, Биг Боллер жана Бадди Холли көз жумушкан.
- 1972-жыл — Иранды кардуу бороон каптап, 4000 адам көз жумган.
- 2005-жылы — Дүйнөдөгү эң кымбат гезит Кытайда чыккан.