Кант (шаар)

Кант, Ысык-Ата району‎»‎ барагынан багытталды)

КантЧүй облусунун Ысык-Ата районундагы шаар (1985-жылдан), райондун борбору (1998-жылдан). Республиканын борбору Бишкектен 20 км чыгыш, облустун борбору Токмок шаарынан 40 км батыш тарапта. Бишкек — Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда жайгашкан.

Отурукташкан жай
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй облусу
Район Ысык-Ата району
Координаттар 42°53′ с. ш. 74°51′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1985
Калкы
Сандык идентификаторлор
Кант (шаар) (Кыргызстан)

Шаар 1929-жылы кыштак катары негизделген. Калкы 21,6 миң (2007). Темир жол бекети. Кант шаары — Чүй облусунун өнөр жайлуу борборлорунун бири. Шаарда тогуз өнөр жай ишканасы бар. Алар: «Кант цементшифер комбинаты», «Кант типография», «Кумшагыл», «Дан-азык» АК, «Абдыш ата», «Кант-сүт», «Блиц-1», «Кыргызмунайзат» ЖЧКлары, тажрыйба-ремонт — эксперименттик-механикалык жана нан заводдору. Шаарда кесиптик-тех. окуу жайы, лицей, 5 орто жана муз. мектеп, китепканалар, 5 бала бакча, балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо борборлору, маданият үйү, клуб, стадион жана башка бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, санитария-эпидемиол. станциясы, балдардын кардиоревматология санаторийи, оорукана, бейтапкана, «Экофарм», аптекалар, мончо, сауналар, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базар, ресторан, кафе-барлар жана башка иштейт. Шаардын чегинде бир нече мечит жана 2 чиркөө жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү