Каныкей Алымбекова (16-октябрь 1987, Токмок, Чүй облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык ырчы, аткаруучу, ырлардын автору.

Каныкей
Толук ысымы

Каныкей Алымбекова

Туулган датасы

16 -октябрь 1987(1987-10-16) (36 жаш)

Туулган жери

Токмок, Чүй облусу, Кыргыз ССР

Өлкө

 Кыргызстан

Активдүү жылдары

2009 — азыркы учур

Кызматташтык

XTZ, OAKLAND тобу, Бактыгүл Бокоева

Өмүр баяны түзөтүү

Балалыгы түзөтүү

Каныкей Алымбекова 1987-жылы 16-октябрьда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Ырчы айым карапайым үй-бүлөдөн чыккан, өзүнүн балалыгын Каныкей төмөнкүдөй эстейт:

"Кичинемден эле музыкага шыгым бар болчу, мектепте окуп жүргөндө бир да кароо-сынакты калтырбай катышчумун, ыр жазчумун. Балалыгымды эстесем, талаада кулпунай терип жүргөн күндөрүм эске түшөт. Таттуу балалыкты башымдан кечирдим деп айта албайм. Жакыр үй-бүлөдө өсүп-чоӊойдум. Ал кезде азыркыдай ырчы Каныкей болорум үч уктасам да түшүмө кирчү эмес"

3-4-класс кезинде апасы турмуш шартка байланыштуу Орусияга иштегени кетип, Каныкей туугандарынын колунда калган. Ата-энеси Каныкей 5-класста окуп жатканда ажырашып кетишкен, бирок атасы менен мамилесин үзбөй кабарлашып турган. Ырчы жаӊы чыгармачылыкка аттанган кезде атасы каза болуп калган. Атасы жөнүндө төмөнкүдөй айтканы бар:

"Өкүнгөнүм, ал менин жарк деп күйүп, атактуу болгонумду көрбөй кетти... Атамдын арбагы мени колдоп жүрөрүнө ишенем"

Билими түзөтүү

Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык училищенин эстрадалык вокал жана Кыргызстан эл аралык университетинин финансы жана кредит бөлүмүн бүтүрүп, Кыргыз улуттук консерваториясынан да билим алган.

Алгачкы кадамдар түзөтүү

2005-жылы Токмоктон мектепти бүтүп, Бишкекке келип ырчы болом деп бир топ сынактарга катышкан. Ошондой бир сынактардын биринде продюсер Мамасадык Багышевге жолугуп калган.

Продюсери Мамасадык Багышев менен расмий түрдө 2006-жылдан тарта иштеше баштаган. Ырчыны үч жылдай даярдап, 2009-жылы гана ыр жаздырып, клип тартып, образын иштеп сахнага чыгарган. Алгач "Коё бергин мени, кайгы" деген ырына клип тарткан.

Жеке жашоосу түзөтүү

2014-жылы 21-мартта Каныкей Медер аттуу балага турмушка чыккан.

2015-жылдын 11-ноябрында Алим аттуу уулдуу болушкан.

2018-жылы 24-сентябрь күнү жаш жубайлар кыздуу болуп, атын Акмарал деп коюшкан.