Кыргызстан эл аралык университети

Кыргызстан эл аралык университети — эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгы менен уюшулган. Университет европалык-америкалык жаңы структуранын негизинде иштейт. Социалдык-гуманитардык факультеттери, Укук жана бизнес, Эл аралык медицина жогорку мектептери, Чет тилдер, Мультимедиа, Менежмент, Бизнес, Туризм, Аралыктан билим берүүдөгү Кыргыз-Россия, Кыргыз-Индия (Индиядагы И. Ганди университети менен бирдикте) институттары, Эл аралык билим берүү академиясы, Эл аралык билим берүү борбору, 5 Илим изилдөө институту, ошондой эле юриспруденция, экономика, информатика, системалык анализ жана башкаруу, менеджмент боюнча 2 жылдык магистратура жана 2 колледжи бар. Укук, бизнес жана компьютердик технология боюнча Каракол, Ош, Жалал-Абад шаарында филиалдары ачылган. Окуу бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Кадрларды даярдоодогу окууметодикалык иштери ыңгайлуу шартта бөлүштүрүлүп, адис профессор-окутуучулар, белгилүү окумуштуулар эмгектенишет. Ректору — А. Айдаралиев (1993-жылдан).

Колдонулган адабияттар түзөтүү