Капелла
Капелла (итал. cappella) – 1) католик же англикан чакан чиркөөсү: өзүнчө салынган кичирээк курулма же храмда бир үй-бүлө чокунуучу, реликвиялар жана башка сакталуучу жай; 2) диний хор (хор ырдалуучу чакан чиркөө же чиркөө бөлмөсүнүн атынан); аспапта ойноочулар коллективи. 18-кылымдан ырчылар жана аспапта ойноочулардан түзүлгөн аралашма ансамбль. Айрым Капелланы композитор И. C. Бах, Й. Гайдн, М. Глинка, Н. Римский-Корсаков жана башка башкарган. Кыргызстанда хор Капелласын C. Юсупов, К. Алиев, Г. Маматова жана башка жетектеди.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9