Капитан Америка: Кышкы жоокер

"Капитан Америка: Кышкы жоокер" (англ. Captain America: The Winter Soldier, орус. Первый мститель: Другая война) — Marvel комиксиндеги Капитан Америка каарманына негизделип тартылган Американын 2014-жылдагы суперкаармандык тууралуу тасмасы. Продюсери Marvel Studios, ал эми жайылткан Walt Disney Studios Motion Pictures. Бул "Капитан Америка: Алгачкы өч алгыч" (2011) тасмасынын уландысы жана Marvel киноааламындагы 9-тасма. Режиссеру Энтони жана Жо Руссо. Сценарийин жазгандар Кристофер Маркус менен Стивен Макфили. Макфили "Алгачкы өч алгыч" тасмасынын сценарийинин да автору болуп эсептелет. Крис Эванс башында турган актердук топко киргендер Скарлетт Йоханссон, Себастян Стэн, Энтони Маки, Коби Смолдерс, Фрэнк Грилло, Эмили Ванкэмп, Хейли Этвелл, Роберт Редфорд, Сэмюэл Л. Жексон. "Капитан Америка: Кышкы жоокерде" Капитан Америка, Кара жесир жана Фалкон К.А.Л.К.А.Н уюмуна байланыштуу коспирологияны ачып чыгуу үчүн күчтөрүн бириктирип, Кышкы жоокер деген сырдуу операцияга туш болушат.

"Кышкы жоокердин" жаралышына 1970-жылдардагы конспирологиялык ойдон чыгарылган "Кондордун үч күнү" сыяктуу окуялар таасир эткен. Сценарийге Эд Брубэйкердин "Кышкы жоокер" окуялары түрткү болгон. Сценарий 2011-жылы жазылып, бир тууган Руссолор 2012-жылдын июнь айында режиссерлук кылуу боюнча сүйлөшүү жүргүзө башташкан. Кастинг кийинки айда болуп өткөн. Негизги тасма тартуу иштери Калифорниядагы Лос Анжелес шаарында 2013-жылдын апрель айында башталган. Андан соң Вашингтондо жана Огайонун Клевеланд жергесинде уланган. Режиссерлор чындыкка жакын болушун көздөп, иш жүзүндөгү эффектерге жана табигый кыймылдарга басым жасашкан. 2500 визуалдык эффекттер алты компания тарабынан тартылган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү