Лос-Анжелес шаары (англ. Los-Angeles, LA) — АКШнын түштүгүндөгү ири порт шаар (жылына 25 млн т жүк ташылат). Калифорния штатынынын Тынч океандын жээгинде жайгашкан.

Лос Анжелес
англ. Los Angeles
Лос-Анжелес түнчүндө.
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

 АКШ

Облус

Калифорния штаты

Мэр

Карен Басс

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1781

Аянты

1301,97[1]

Калкы
Калкынын саны

3 849 297[2] (2020)

Жыштыгы

2963,0 адам/км2

Агломерациясы

17 775 322

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

-8

Телефон коду

213, 310, 323, 424, 661, 818

http://www.lacity.org/
Лос-Анжелес.

Калкы 3,9 млн (2010; Чоң Анжелестики шаар айланасы менен 13 млн). Шаар түндүктөн түштүктү карай 80 кмге созулуп жатат. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын батышындагы башкы экономикалык борбор. Авиа-космос, радиоэлектроника, машина куруу, аскер, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан нефть казылып алынат. Кино өнөр жайынын жана видео бизнестин (Голливуд) башкы жана илимий-изилдөөнүн ири борбору. Үч университет (анын ичинде Түштүк Калифорния), музейлер (анын ичинде Лос-Анжелес графтыгынын табигый тарыхы жана искусствосу жана башка) бар. Шаарды суу менен камсыз кылуу үчүн Оуэн көлүнөн жана Колорадо дарыясынан суу алынат. Лос-Анжелесте X, XXIII олимпиа оюндары (1932, 1984) өткөрүлгөн. Шаардын четинде деңиздик климаттык курорт жайгашкан. 1781-ж. испандар тарабынан негизделген. 1848-ж. чейин Мексиканын курамында болгон. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  1. Gazetteer. U.S. Census Bureau. Текшерилген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2011.
  2. [1](жеткиликсиз шилтеме)