Карагатты тоосуКочкор өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта созулуп жатат. Төлөк, Чалай, Жоон-Арык (Кочкордун оң куймалары) сууларынын алабында. Узундугу 24 км, туурасы 7 км. Орточо бийиктиги 3600 м, эң бийик жери 3805 м. Кыры негизинен тайпак, тик аскалар жокко эсе. Капталдары түштүгүндө кыска кокту-колоттуу, түндүгүндө Кочкор өрөөнүнө карай жантайыңкы. Түндүк-чыгышында кокту-колоттору жарлуу келип, Жоонарык өрөөнүнө тик түшөт. Сланец, туф, порфирит, мраморлошкон акиташ, доломит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде гранит, гранит-диорит интрузия тектери жиреп чыккан . Бетеге-шыбактуу кургак талаа жана талаа (2900 мге чейин ), субаль жана альп шалбаалуу талаа (2900–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү . Жайыт; чабынды жерлери да бар. Тоонун Чалай ж.б. ашуулары аркылуу жайкы жайыттарга (Соң-Көл, Төлөк) мал ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү