КарагермеАт-Башы районундагы суу, Мүдүрүм суусунун жогорку агымы.

Какшаал Тоо тизмегинин түндүк капталындагы Карагерме мөңгүсүнөн башталат. Узундугу 31км, алабынын аянты 405 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3860 м. Ири 10 куймасы б а р. Оң куймалары Жаңыжер кырка тоосунун түштүк капталындагы чакан мөңгүлөрд өн агып түшөт. Алабынын 147,6 км2 жерин мөңгү ээлейт. Жылдык орточо чыгым 2,0 м3/сек. Эң көбү июнь августта, эң азы фев ралда байкалат. Мөңгү, кар, сууларынан куралат. Өрөөнү жайыт.

булактар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы, Бишкек 2004 ISBN9967-14-00-6-2