Карагоо тоосу - Кочкор өрөөнүнүн чыгышында. түштүк-чыгыштан түндүк-батышка созулат. Узундугу 20 км, туурасы 7–8 км. Орточо бийиктиги 2100–2200 м, эң бийик жери борбордук бөлүгүндө 2440 м. Белбаскак кайкылар бар. түштүк жана жон бөлүгү тегизирээк. Батыш жана түндүк капталдары кыска жана тик. Чыгыш капталы жантайыңкы, узун. Протерозойдун метаморфизмделген тоо тектеринен (кристаллдуу сланец, гнейс, азыраак мрамор) туруп, ар кайсы жеринде аляскит гранити, диорит тектери чыгып жатат.

Какыр капталдарда караган, жылтыркан, терескен, шыбак (акшыбак, теңиртоо шыбагы жана башкалар), калкан, сагыз чөп, төө таман, эфемер өсүмдүктөрү өсөт. Тегизирээк жондорго кургак талаа мүнөздүү. Кышкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү