Каракол агын суу, Ак-Суу районунун аймагы аркылуу аккан суу.

Каракол агын суу.

Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлгө куйган суу. Узундугу 50 км, алабынын аянты 394 км2. Башталышында мөңгүлүү, ортоңку бөлүгүндө карагайлуу капчыгай, төмөнкү бөлүгүндө кенен түздүк аркылуу агат. Негизги куймасы Кашка суу. Мындан тышкары алабында жалпы узундугу 93 км келген 27 куймасы, жалпы аянты 99 км2 болгон 4 көл бар. Алардын эң чоңу- Ала- Көл (аянты- 0,84 км2). Көп жылдык орточо чыгымы 6,60 м3/сек; эң көбү 57,6 м3/сек, эң азы 0,38 м3/сек. Апрелдин аягында көбөйө баштап, июль- августта кирет, сентябрдын аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылып, айыл- кыштактарды суу менен камсыз кылат. Боюнан Кара-Кол шаары, Челпек, Бөрүбаш, Бурма-Cуу ж. б . кыштактарда орун алган.

булактар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия/ Кыргызстандын географиясы, Бишкек 2004, ISBN 9967-14-00-6-2