Койсун Карасартова

Карасартова, Койсун‎»‎ барагынан багытталды)

Карасартова Койсун (1926-ж. т., Ат-Башы району, Кара-Суу айылы - 9. 5. 2009, Нарын шаары) — артист. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1997), эмгек сиңирген артисти (1979).

Эмгек жолун 14 жашында Нарын колхоз-совхоз театрында баштаган.

1949-ж. Нарын театры жабылып, 1951-жылга чейин М. Баетов атындагы (маданият үйүндө аткаруучу болгон.

1951-жылдан Ысык-Көл драма театрында, 11961-жылдан Нарын музыкалык драма театрында иштейт.

Карасартова ар түрдүү жанрдагы спектаклдерде жүздөгөн көркөм образдарды түзгөн. Эң алгачкы ролу М. Токобаевдин “Кайгылуу Какейинде" башкы каарманды ойногон.

Андан кийинки аткарган негизги ролдору: Гулгаакы, Көк Шалкы (К. Жантөшев, "Курманбек", "Шайтан кыз"), Шалтаке (К. Маликов, "Алмашым"), Кемпир (В. Вишневский, "Оптимисттик трагедия"), Ирисоолат (Г. Гүлям, "Ташбалта ашык"), Кемпир Галфа (А. Гиллязов, "Алакандай жер"), Айгүмүш, Ажар (Ж. Садыков, "Таабалды Пудовкинди эскерип", "Эми эмне болот"), Текле (А. Цагаарели, "Ханума"), Басыттын эжеси (С. Раев, "Күн кармаган бала"), Парчагүл (С. Кожониязов, "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө"), Дүлөй аял (Сейталиев, "Айлакер колукту"), Райкан (А. Тезекбаев, "Токтобек ескен айылда"), Келин (Ж. Абдыкадыров, "Жүрөгүм менин тоолордо"), Хумери (Кыямов, "Жүрөккө жүрөк жашынат") жана башка.

Ал ар кандай жанрдагы кыргыз, өзбек, казак, уйгур композиторлорунун чыгармаларын, С. Андабеков менен бирдикте тамашалуу ырларды чебер аткарат.

Ырчылык өнөрүнө жараша бийчилик өнөрү да өнүккөн. Анын аткаруусундагы "Кожожаш" дастаны, "Селкиге", "Жигитке" элдик ырлары, "Кыз куумай", "Акежан", "Кыздар ай" казак эл ырлары, уйгур эл ыры "Алмукин", өзбекче "Пахта" жана "Карылардын дуэти," А. Осмоновдун ырлары, терме ырлары жана башка шайыр, күйкүмдүү, кайталангыс ыр-бий-дуэттери элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Койсун Карасартова калың элдин сүймөнчүгү болчу
Маркум Койсун Карасартованын баскан жолу