Каратал-Жапырык коругу

Кыргызстандагы корук
Каратал–Жапырык коругу‎»‎ барагынан багытталды)

Каратал–Жапырык мамлекеттик коругуКыргызстандагы Нарын облусунун аймагындагы бийик тоолуу коруктардын бири.
Каратал–Жапырык мамлекеттик коругунун жалпы аймагы 36 миң 392,6 гектарды түзөт. Анын ичинен корук аймагы - 6 миң 111,9 гектарды, өзөккү аймагы - 24 миң 522 гектарды, өткөөл аймагы - 5 миң 758,7 гектарды түзөт (2020)[1].

Тарых түзөтүү

Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу 1994-жылы 1-мартта Борбордук Теңир-Тоодогу (Тянь-Шандагы) уникалдуу жаратылыш комплекстерин, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар, ɵсүмдүктɵрдүн түрлɵрүн сактоо, аймактагы жалпы экологиялык баланстын туруктуу абалын камсыз кылуу иш аракеттерин кɵрүү, жаратылыш процесстеринин табигый агымын сактоону изилдɵɵ, табигый шартта эркин кɵбɵйүүсүн камсыз кылуу жана чектеш аймактарга жайылтуу максатында комплекстик корук катары түзүлгɵн.

Бул корук Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын жана Акталаа райондорунун аймагында, тоолуу Соң-Көл көлүнүн түштүгүндө, Коргоо тоосунун түш.-чыгышында, Кажырты суусунун оң курамы болгон Каратал менен Жапырык сууларынын алаптарында жайгашкан.

Коруктун негизги максаты Ички Теңир-Тоого мүнөздүү болгон уникалдуу табигый жаратылыш комплексин (карагай, арча токойлорунун туташ массиви, бадалдар менен шалбаа) сактоо жана аларга илимий изилдөө, байкоо жүргүзүү болуп эсептелет.

Коруктун аймагынын орточо бийиктиги - 2500–2600 м.; жеринин бети кокту-колот, өрөөндүү.

Корукта бугу, элик ж.б. жаныбарлар кездешет. Корукта уникалдуу табигый комплекстерге багытталган илимий изилдөөлөр жана байкоолор жаңыдан гана жүргүзүлө баштады.
Коруктун кызматкерлери Кыргызстанлын башка коруктарынын жана Орусиянын Алтай Республикасынын коруктарынын жамааттары менен тыгыз илимий-өндүрүштүк кызматташтыкты жүргүзүп келет.

Коруктун жетекчилиги түзөтүү

Коруктун тунгуч жетекчиси - белгилүү коомдук ишмер Кадыракун Базарбаев болгон.

2012-жылдан бери коруктун директору - биолог, токой чарба адиси Бакытбек Чороев.

Бакытбек Чороев 1986-жылы Орусиянны Карелия автоном республикасынын борбору Петрозаводск шаарындагы айтылуу Петрозаводск токой чарба техникалык техникумун аяктаган, токой чарбасын технологиялык жактан жабдуу жаатында атайын адистик билим алган.

Кийинчерээк Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология факультетин тамамдаган.

Б. Чороевдин экологиялык көйгөйлөргө арналган бир катар илимий жана публицистикалык макалалары жана маектери жарык көргөн.

Бакытбек Чороев Африканын айрым өлкөлөрүндөгү, Кыргызстандагы жана Орусиядагы эл аралык экологиялык жыйындарга, семинарларга катышып, коруктарды заманбап уюштуруу тажрыйбалары менен таанышкан жана кыргызстандык заманбап тажрыйба тууралуу маалымат берген.

Коруктун 20 жылдык мааракеси (2014) түзөтүү

2014-жылы 22-майда Нарын шаарында Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу 20 жылдык мааракесин белгиледи.

Алгач конференциянын иш программасынын жүрүшү менен коруктун директору Б.К.Чороев тааныштырып өттү.

Жаратылыш коругунун 20 жылдыгы боюнча атайын жыйынга КР өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Адбымитал Чынкожоев, Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Түгөлбай Жанбоев, шаардын мэри Бакытбек Жээналиев жана жаратылыш коругунун жетекчилери катышты.

Мааракелик жыйынды ачып берген өкмөттүн өкүлү өз куттуктоосу менен катар, жаратылыш байлыктарына токтолуп, ушул жылдар ичинде өз милдеттерин так аткарган иш-аракеттерине баа берип, бүгүнкү мааракелери менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады жана дайыма кесиптик милдеттерин так аткара беришине тилектештигин билдирди.

Жыйында бир катар адистер сыйлоо баракчалары менен сыйланып, белектерди алышты. Ошону менен бирге 5-июнь - Бүткүл дүйнөлү жаратылышты коргоо күнүнө карата бир катар коруктун кызматкерлери 10 жылдык төш белгилер менен сыйланышты.

Адабият түзөтүү

  • Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Аскар Маткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2006. – 480 б. – ISBN 9967-23-866-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Асанов Ү. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.

Булактар түзөтүү

  1. Фото — Красота. В природном заповеднике «Каратал-Жапырык» расцвели полевые цветы. АкиПресс. 25.8.2020. https://eco.akipress.org/news:1641707/