Карач аке - Карач Мендегул уулу (1837, туулган жери белгисиз - 1914, азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Чолок айылы) - Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; чечен. Калыстыгынан тайбаганы үчүн бир нече жолу болуш болуп шайланган. Уруулар аралык чыр-чатак, жаңжал-доолорду калыс карап, туура чечкендиктен, ал чечен Карач аталган. Карач акенин теги калмак экени, олжого түшүп, Шапак баатыр асырап алганы тууралуу аңыз кептер айтылат. Тагайдан - Кылжыр - Орозбакты. Орозбактыдан - Арык Мырза, Мырзакул Мырза, Асан Мырза, Кара Мырза, Токоч Мырза. Мырзакулдан - Алсейит - Жамангул - Белек - Бирназар бий - Шапак баатыр. Жоокерчилик заманда калмактан олжого түшкөн Чүрүмдү Шапак баатыр асырап, Чүрүм өзү менен кошо алып келген Бүрүмгө үйлөнөт. Чүрүмдөн - Эсенгул - Мендегул - Карач.
Белек, Шапак атанын балдары Ысык-Көлдүн чыгыш тарабынан орун алып, Түп, Жыргалаң сууларынын Күңгөй, Тескейинде жайгашкан. Азыркы кезде ондон ашык айыл-кыштактарда жашап, тиричилик отоп келишүүдө. Карач жаш кезинде эле өзүнүн зиректиги менен сөзгө алынып, Өмүр баатырдын алтын шакегин алууга татыктуу болгон. Өмүр баатыр Карачтын чоң атасы Эсенбай менен уялаш бир туулган. Баатыр көз жумар алдында көргөн түшү кийин өңүндө келип,өзү менен жортуулдарда тогуз жашар кезинен жанына ала жүргөн иниси Мендегул уулу Карачка алтын шакегин тапшырып, батасын бергенин журналист, акын Турганбек Жунушалиев баяндайт.

'
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Карач Аке
Туулган жери: Ысык-Көл, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: баатыр, чечен

2009-жылы Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Жылуу-Булак айылына Карач Аке жана Өмүр баатырдын эстелиги орнотулуп, Түп айылына боз үй тигилип,мал союлуп,чоң той болуп өткөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы,- Б., 2003