Кара-Каман тоосу
Кара-Каман тоосу — Ички Теңир-Тоодо. Жылуу-Cуу (чыгышында) жана Кара-Кужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Кара-Каман суусу аны экиге бөлөт.
Узундугу 56 км, туурасы 14 км, орточо бийиктиги 3860 м, эң бийик жери 4343м. Чардаксуу жана Каракаман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 1000 м. Кара-Кужур тоосу горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Неогендин аягында, төртүнчүлүк мезгилдин башталышында көтөрүлгөн. Батыш Кара-Камандын капталдары симметриялуу, түндүк капталы тик, кыска (2,5 км), түштүгү жазы (3–15 км), Чыгыш Кара-Каман симметриялуу түзүлүштө. Тик капталдуу тепши сымал өрөөндөр арбын.
Байыркы тайпаң жондор 4000–4200 м, батышында 3600 м бийиктикте кездешет. Тепши сымал өрөөндөрдүн башы (түндүк капталы) мөңгүлүү. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. бийиктен өтөт. Негизинен үстүнкү протерозойдун филлит, кумдук, алевролит, кварцтуу порфирит, соңку рифейдин гранит-диорит жана гранит тектеринен түзүлгөн.3000–3500 м бийикте кылканактуу-шыбактуу кургак талаа, 3500–3800 мде субальп шалбаалуу талаа, 3800 мден жогору альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.
Адабият
түзөтүү- Кыргызстан географиясы / Мамлекеттик энциклопедия борбору. – Бишкек, 2004. - ISBN 9967-14-006-2.
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы. Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2