Кара-Кой-МазарКичи Алай тоосунун түндүк капталындагы арча токойлуу табигый кооз аймак. Ноокат районунун аймагында. Кара-Кой жана Мазар (Кыргыз-Ата суусунун башы) сууларынын алабынан орун алган. Узундугу 30 кмдей, туурасы 4 км, Орточо бийиктиги 2500–2800 м, эң жапыз жери 1900 м. Аянты 200 км2дей. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмөлөрүнө, өрөөндү караган тоо капталдары төмөнкү палеозойдун акиташ, кремнийлүү жана сланец тектерине толгон. Тоо капталдары аскалуу, тик, терең кокту-колоттор көп. Кара-Кой, Мазар суулары жана алардын куймалары агып түшөт.

Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 18,8°C, январдыкы – 20,7 °Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Талаа (1900–2200 м бийиктикте; бетеге, дүйүм чөп жана бадалдар басымдуу), шалбаалуу талаа (2200–3000 м; өскүлөң шалбаа жылгыны, альп астрагалы, буудайык, каз таман, шимүүр, кой жалбырак жана башка), шалбаалуу токой (2200–3200 м; түркстан арчасы, бадалдар жылгын, каз таман, кой жалбырак, шимүүр, альп астрагалы жана башка), субальп шалбаалуу талаа (2800–3300 м; бетеге, жылгын, кымыздык, кадимки гашум, каз таман, теңир-тоо пиязы, ыраң жана башка), альп шалбаасы (3000–3200 мден жогору; бетеге, тоо сулусу, ыраң, мамыр чөп жана башка) мүнөздүү. Тоолордун Түндүк жана түндүк-чыгыш капталдарында арча токою өсөт. Мазар-Тоонун жана анын айланасынын кооз ландшафты эс алуу жайларын уюштурууга өтө ыңгайлуу. Мазарга сыйынууга келген эл анын экологиялык тазалыгын сактайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү