Кара-Кулжатопоним. "Манас" эпосунда сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: "Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына" (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); "Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен" (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй К.-К. Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында К. -К-нын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:

Кароолдуктун тоосунан

Карыя Бакай абасы

Көмүрдөй кара Кулжадан,

Көбүн атып салыптыр.

Акыр заман журтуна

Кара-Кулжа атагы

Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...

Капкара болгон Кулжадан

Элүү төртүн атышып...

Баатырлар жолго салыптыр,

Кара-Кулжа атакка

Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

Географиялык реалияда К.-К. азыркы Ош обл-нын түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү