Кара-Кысмак – Чаткал дарыясынын оң куймасы; капчыгайлуу кооз аймак. Чаткал районунун аймагында. Узундугу 27 км, алабынын аянты 247 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен Орточо бийиктиги 3200 м. Талас Ала-Тоосунун Түштүк капталынан, Кара-Буура ашуусуна жакын жерден башталат. Кара-Кысмак. суусу 17–18 км аралыкта терең капчыгай менен шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун Жылдык орточо чыгымы 2–3 м3/сек; эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат. Өрөөндүн жогору жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, филлит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачыны 600–800 мм; көбүнчө ноябрь–март айларында жаайт; апрель–майда тез-тез сел, көчкү жүрүп турат. Орус саякатчысы Н. А. Северцов 1864-жылы июнь айында Кара-Кысмактан өзөндү үч жылдан бери бөгөп жаткан 7 чоң кар көчкү («кар көпүрөнү») көргөн; алардын айрымдарынын узундугу 800–1000 мге чейин жеткен. 1975-жылы 9-июнда ушул эле жерде (Мырсаш менен Мадисайдын ортосунда) 14 «кар көпүрө» пайда болгон. Капчыгайдын аймагында шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу; өзөндүн боюнда түрдүү бадал, төмөн жагында кайың, тал, жайык кашаттарда шашыр, бийик тоолуу (3000 м жана андан жогору) жерлеринде жапалак арча өсөт. Капчыгайдын көп жери жылаңач аскалуу. Кара-Кысмакты бойлоп Талас менен Чаткалды байланыштырган автомобиль жолу өтөт.

Кара-Кысмак тарыхый топоним: Тимурдун 14-кылымдын аягындагы Моголстанга жасаган жортуулдарында номен Каракасмак түрүндө бир нече жолу эскерилет. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында өзбектердин коңурат уруусунда каракасмак деген урук болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү