Кара-Шоро жаратылыш паркы
Кара-Шоро жаратылыш паркы — Өзгөн районунун аймагында. 1996-жылы уюшулган. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүмдүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир–Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажайып токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар жана алардын арасында ар түрдүү жаныбар бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9