Кара кийимченчендер

Кара кийимчен адамдар‎»‎ барагынан багытталды)

Кара кийимчен адамдар - 1997-жылы Берри Соненфелд тарткан илимий-фантастикалуу экшн тасма. Тасманын продюсерлери: Волтер Ф.Паркерс жана Лаури Макдональд. Тасма Лоувел Каниңгем жана Сенди Каррузерс жазган "Кара кийимчен адамдар" аттуу юмористтик китепке негизделген. Тасма жер планетасында жашап, бирок жөнөкөй адамдардан жашыруун жашаган башка планеталык жандардга көзөмөлдүк кылып, сырдуу уюмга иштеген агенттер- Томми Ли жана Уилл Смиттин жоруктарын баяндайт.

Тасма 1997-жылы, 2-июлда "Columbia Pictures" тарабынан чыгарылган жана дүйнө жүзү боюнча 589 миллион АКШ долларын табуу менен тартууга каржыланган 90 миллион АКШ долларынан ашык кирешеге ээ болуп, ошол жылдын эң көп кирешелүү тасмасына айланган. Тасмадагы курч юмор, Жонс жана Смиттин аткаруулары, жана Дэнни Эльфмандын музыкасы дүйнө жүзү боюнча жылуу кабыл алынган. Тасма Оскар сыйлыгынын "Мыкты көркөм постановка", "Мыкты музыка" жана "Мыкты грим" наамдарын утуп алган.

Тасманын эки бөлүмү: Кара кийимчен адамдар 2 (2002) жана Кара кийимчен адамдар 3 (2012) жана анимацияланган бөлүмдөрү бар. Тасманын уландысын тартуу иштери талкууланган жана азырынча тартуу процессинде.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү