Кара суулар (территориялык суулар)

Кара суулар (территориялык суулар) (Territorial waters-La mer territoriale): Бир өлкөнүн чет- жакаларынан башталып, белгилүү бир узактыкка чейин барган деңиз тилкелери.

Бул тилке менен ал өлкө өз топурагындагы бүт ээлигин, үстөмдүгүн жана мыйызамдык укуктарын каттоосуз, шартсыз эле уланта берет. Кара суулар тилкесинин аягы өлкөнүн деңиздеги чеги жана бул чектен баштап мамлекеттик укукта «ачык деңиз» деп аталган эч кимге тиешелүү эмес деңиз аянттары башталат.

мамлекеттердин территориялык мүнөзүнө жараша кара суу тилкелеринин кеңдиги жалпы жонунан 3-12 миля аралыгында болот. Мисалы, АКШ, Германия, Голландия, Англия сыяктуу өлкөлөр 3 милялык кара сууну кабыл алган. Россия, Франция, Румыния, Сирия, Египет сыяктуу кээ бир өлкөлөр 12 миля деп кабыл алган. Кытай болсо кара суусунун 200 миля кеңдикте болуусун каалайт. Азыркы учурда 60ка жакын өлкө кара суунун кеңдигин 3-12 миля аралыгында болушу керек деп эсептешет. Түркия жалпы жонунан 8.200 километр деңиз жээктерине ээлик кылат.

1964-жылы 15-майда 976-номерлүү «Кара суулар мыйзамы» принцибине ылайык кара суулардын кеңдиги 6 миля деп кабыл алынган. Бирок кара суу тилкесин дагы да көбүрөөк ээлеп алган мамлекеттерге карай Түркия да өзүнүн кара суу кеңдигин ошол өлчөмдө алууда жана мында «эки тараптын тилектештиги» деген принцип колдонулууда. мамлекеттин кара сууларына ээлик кылуусунун укуктук натыйжалары: А. Коопсуздук, ишеним жактан мамлекеттин өздүк, улуттук жана аскердик коопсуздугу, деңиз трафиги, бажы жана ден соолукка байланыштуу чараларды көрүү. (Коопсуздук себеби менен тыюу салынган аймактардын аныкталышы, деңиз трафигинин принциптерин коюу, белгилерди жайгаштыруу жана ага моюн сундуруу, тыюу салынган жана контрабандага каршы бажы көзөмөлдөрү, карантин чаралары жана башкалары).

Б. Каботаж жана балыкчылык алкагында кара суулардан мамлекет кээ бир өзгөчөлүктөрдөн сырткары өзү жана калкы гана пайдаланат. Деңиз астындагы байлык жана булактарды да өз өлкөсүнө алат. Түркияда 1926-жылы 19-апрелде кабыл алынган 815- номердүү «Түркия жээктеринде каботаж жана портторду камтыган Жөндөмдүүлүк жана Соода-сатык жөнүндөгү мыйзамга» карата кайыкчылыкка жана балык уулоо ишине жалгыз гана түрк улутундагы атуулдарга уруксат берилген. В. Кээ бир өзгөчөлүктөр менен мамлекет өз кара сууларында башка өлкөлөргө жеңилдиктерди да берет жана өзүнүн ээликтерин чектейт. Мисалы, «зыянсыз өтүү укугу», мындайча айтканда, башка мамлекеттердин кемелерине ал деңизде жээги болгон башка өлкөлөргө мамлекеттин деңиздеги эрежелерине баш ийүү шарты менен кара суу тилкелеринде сүзүү укугу берилет.

Бул укуктун натыйжасында башка өлкөлөрдүн кемелери каалаган маалда токтоо жана кемелерин чынжырлоо сыяктуу кошумча укуктар да берилген. Айтылган бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары соода кемелери үчүн берилген. Балык уулоочу кемелердин андай кылууга акысы жок жана өтүп бараткан мезгилде балык кармоого акысы жок. Согуш кемелери үчүн белгилүү бир мамлекеттик эрежелерге баш ийүү жок. Эл аралык конференцияларда бул темада эч кандай макулдашуу болгон эмес. мамлекеттин өз өкүмүндөгү кара сууларда чектөө жасоосу да кандайдыр бир чечимге байланыштуу жүргүзүлөт. Ал өлкөнүн кара суусунан тынч өткөн кандайдыр бир контрабандалык кемеге карата эч кандай сурак жүргүзө албайт. Ал кеме качан өз өлкөсүнө барганда гана ага өз өлкөсүндөгү сот сурак жүргүзүүсү мүмкүн. Бирок мамлекеттин кара сууларынан зыянсыз өткөн кемелер кээ бир тыюу салынган аракеттерди жасаса (мисалы, контрабандалык жол менен товар ташуу, наркотикалык заттарды ташып өтүү), анда, албетте, мамлекет бул ишке кийлигишет жана өз укуктарын пайдалануу менен керектүү чараларды көрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9