Бакиров Каралбас - акын жана котормочу.

Карбалас Бакиров 1954-жылы 8-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын эл акыны (2019).

1971-жылы Өзгөрүш орто мектебин бүтүрүп, бир жыл чабан болуп иштеген.
1972-1977-жж. Киев шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1975-1979-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окуган.
1979–1992-жж. КРнын Жазуучулар союзунун алдындагы үгүт бюросунун корреспонденти,
1992–2000-жж. «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият жана искусство бөлүмүнүн башчысы,
2000–2003-жж. Кыргызпатентте (Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик) котормочу болуп эмгектенген.
2003-жылдан «Эркин-Тоо» гезитинде маданият, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат.
2005-жылы КРнын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бир нече поэзия фестивалдарынын лауретаы. Алгачкы ыры 1969-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган.
2003–2006-жж. Түркиянын Сивас, Элазыг шаарларында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын эл аралык жолугушуусуна жана «Хазар поэзия кечтери» фестивалынын катышуучусу.
1992-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде

  • Адашкан кентавр.– Кант , 1997. – 80 б.
  • Коргондогулар жана чексиздик.– Б.: Бийиктик, 2004. – 180 б.
  • Көкүлчөн кыялдар.– Б.: Аят, 2007. – 36 б.

Котормолору

  • Гильгамеш (Шумерлердин эпосу).– Б., «Мурас» адабий журналы, 1995. – 20-б.